Болбосо коалиция шаарга басып кирет. Америкалык командачылыктын өкүлү генерал Марк Киммит Фаллужадагы кырдаалды коалиция бардык жол менен жайынча жөнгө салууну көздөп жатканын белгиледи. Ошондуктан козголоңчулардын жетекчилери каршылык көрсөтүүнү токтотконго өз кишилерин ынандырууга тийиш, деп билдирди генерал. Шаар баштагыдай эле америкалык аскерлердин курчоосунда турат.