Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕКАРАСЫ - КАРАПАЙЫМ КАЛК АЗАБЫ


Өзбекстандагы капсалаңдан кийин өлкөнүн коңшулар менен чекарасы бекем жабылып, ортодогу карым-катыш кыйла татаалдашты. Өзбекстан 1999-2000-жылкы Баткен коогалаңына шылтап Кыргызстан менен чектеш талаштуу жерлерге мина көөмп салган. Борбор Азия чөлкөмүндө чекара проблемасы өзгөчө татаал маселеге айланууда. Ортодогу чекти жылчыксыз жаап салуунун азап-тозогун карапайым калк тартууда.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чекарасы азырынча так аныкталып, белги коюлуп, ортодогу талаш маселелерди эларалык укук нормаларынын негизинде чечүү иши аягына чыга элек. Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы кыргыз-өзбек чекарасын аныктоо ишин улантууда. Быйыл жыл башында теңата өкмөттүк комиссиянын 27 чакырым боюнча өзара макулдашуусун Өзбекстан кайра чакыртып алгандан бери ортодогу мамиле кыйла салкындап кетти шекилдүү.

Эларалык аналитиктердин айтымында, чекара проблемасы Фергана өрөөнүндө өзгөчө курч. Социалисттик жаалы катуу бийликтин тушунда эле дыйканчылыкка жарамдуу жерлердин бир кыйласы ижарага берилип кошуналарга өтүп кеткен. Калк жыш жайгашкан аймак аркылуу чек ара сызыгын кантип алып өтүүнүн кыйынчылыгын эки өкмөттүн жоонтоп адистеринен куралган комиссиясы жонтериси менен сезип келатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Нургүл Керимбекованын ырасташынча, Өзбекстандагы окуялар ага кошуна өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, эларалык жанкечтилерге каршы туруу үчүн биргелешип аракет жасоо милдетин алдыга койду.

- Баары мындан ары кантип жашашты, эмнелерди жасоо керектигин ойлонуп калышты. Ташкендеги жардыруулар өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Кошуналардын башына түшкөн мүшкүл бизди да ойлонтууда. Мындай капсалаңга каршы туруш үчүн баарыбыз биргелешип каршы туруубуз керек, - дейт Нургүл Керимбекова.

Анын айтымында, кыргыз-өзбек чекарасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия быйылкы жылга белгиленген тартип боюнча ишин улантууда.

- Маселе абдан татаал, талаштуу аймактарды так аныктоо кыйын. Андай жерлер Жалалабад, Баткен облустарынын Өзбекстан менен чектеш жерлеринде өзгөчө арбын. Ошондуктан эки тарапты канааттандырган ымалага келиш үчүн болгон аракеттин баары жасалууда.

Башында чек арасын коргоо министрлиги менен коопсуздук кызматынын биргелешкен аракети менен кайтарып келген Кыргызстан 2003-жылдын башында атайын Чекара кызматын түзгөн. Жаңы кызматтын жетекчиси Калмурат Садиев Өзбекстандагы окуялардан соң чекара бекем кайтарууга алынып, Араван районунда чекарадан өтүү аракетин жасаган эки шектүү зайыпты кармап, тийиштүү кызматтарга өткөрүп бергенин парламент депутаттарына маалым кылды.

- Өзбекстандагы окуялардан кийин ички иштер органдары менен биргеликте жакында Араван районунда чекарадан өтүү аракетин жасаган эки аялды кармап, тергөө органдарына өткөрүп бердик.

Ортодогу чекаранын катуу кайтарылышынан күндөлүк тиричилик камы менен ары-бери каттаган карапайым адамдар кыйынчылык тартышууда. Чекара көйгөйүн кыйладан бери Кыргызстандын Ош облусунун Карасуу районунун Акташ айыл өкмөтүнө караштуу Барак айылы тартып келет. Аны айыл башчысы Нурдин Карачороевден уксак.

- Кыйынчылык болуп атат бул жерде. Чекара тоскоолу, чекарадагы аскерлердин тоскоолу болуп атат.

XS
SM
MD
LG