Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:56

Жума күнү ушул жылдын 30-мартынан бери ачык асман алдында жашап жатышкан 60тан ашуун үй-бүлөнүн өкүлдөрү менен Бишкектин Ленин райондук акимиатынын жетекчилиги жолугушту. Анда «Бишкек эт» комбинатынын жатаканасынан куулган атуулдардын турак-жай проблемасын чечүү жолдору талкууланды. Бирок, үйсүз атуулдардын көйгөйү качан чечилээри белгисиз.

«Бишкек эт» комбинатынын бүтпөй калган көп кабаттуу үйүн баш паанек кылган үй-бүлөлөрдүн саны 60тан кем эмес. Анын баары Бишкекке жан сактоо үчүн Кыргызстандын ар кайсы бурчунан келгендер. Алардын баары жумушсуз жана арасында майыптары менен жаш балдары арбын. Алар эт комбинатынын дубалы гана тургузулган ал үйүндө 1999-жылдан бери жашаган менен «Кирбегиле, бул ишкананын менчиги» деп эскерткен жан болгон эмес. Быйыл гана ээси табылып, тургундар райондук соттун чечиминин негизинде сыртка күч менен куулган. Ачык асман алдында калган тургундардын абалына укук коргоочулар кийлигишкенден кийин гана Ленин райондук акимчилик карылар менен майыптарды кайрымдуулук жайларга убактылуу жайгаштыруу, ысык тамак берүү жана турак-жай көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүү чечимине келген.

Район акиминин орун басары Алмаз Ташиевдин айтымында, аларды жайгаштыруу үчүн райондун аймагынан бир дагы бош жай табылган жок. Ушундан улам акимчилик турак-үй курууга жер берүү аракетин көрүп,үйдө турган атуулдардын тизмесин тактай баштады.Жума күнкү жолугушууда ага зарыл шарттар тууралуу акимдин орун басары Алмаз Ташиев:

- Мыйзамга жана эрежелерге таянып, тизмени тактайбыз. Ал үчүн ар бириңиздердин паспортуңуздар керек. Бул эң башкы шарт. Паспорту жокторду тизмеге кошо албайбыз. Экинчи шартыбыз-паспортуңуздар боюнча сиздердин ар бириңиздердин шаарда канча жыл жашап, кайсы жерде турганыңыздарды жана эмне иш кылып жүргөнүңүздөрдү тактайбыз -деп билдирди.

Алмаз Ташиев мындан тышкары эч кандай документтери жок эле бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүп, үй талап кылуу мыйзамсыз экендигин түшүндүрдү.

Анткен менен бул окуя Кыргызстанда эң ириде тартип, мыйзамдуулук жана калк арасында атуулдук укук, милдет жөнүндө маалыматтын жок экендигин айгинеледи. Анткени, үйгө уруксаатсыз кирип алган атуулдар бирөөнүн менчигине кол тийгизбөө деген жоопкерчиликтен бейкапар болушкан. Ага тургундардын укугун коргоо боюнча түзүлгөн демилгелүү топтун жетекчиси Айгүл Шаршенованын төмөнкү ою күбө:

- Бирөөлөр «ушул үй бош турат» деп айтты. Анын үстүнө бизге чейин ал жерде жашап жаткан 2-3 үй-бүлө бар экен. Анан биз жашай берсе болот турбайбы деп терезесин бекитип, эшигин бекемдеп алып жашап жатканбыз. Убактылуу жашагандан кийин бирөөнүн үйү дегенди деле ойлобоптурбуз. Беш жылдын ичинде эч ким келбегенден кийин тазалап алып жашай берсе болот турбайбы дегенбиз. Кыргыздар «Бекер кепин табылса өлмөк бар» деп айткандай, квартирага төлөөгө чама келбегенден кийин жашай бердик.

Андан тышкары өлкөдө тартиптин жоктугун белгисиз эле бирөөлөр кирип жашап жатса өз менчигин коргоп койбой, кийин жумушсуз, майып атуулдарды кыйноого салган ишкана жетекчилеринин жоопкерчиликсиздиги далилдейт. Ошондой эле 90-жылдардын башында жалпы мамлекеттик мүлктүн жеке гана кызыкчылыгын ойлогон шылуундардын колуна текейден арзан баага менчиктелип кеткендигине бул дагы бир мисал болду. Бул тууралуу өкмөт башчынын жаңы курулуштарды ынңгайлаштыруу маселелери боюнча коомдук кеңешчиси Жанаалы Шабдырай зергер мындай дейт:

- Бул жерде, албетте, мамлекеттик кызматкерлер да аралашкан. Тактап айтканда, үйлөрдүн кароосуз калышына ошолор күнөөлүү. Себеби, алар менчиктештирүү маалында арзан баада, балким бекер эле байыйбыз же кымбат баада сатып жиберебиз деген ойдо менчиктештирип алышкан. Ошон үчүн бир кароолчу коюп, бир тыйын коротууга аракет кылышкан эмес. Тиешелүү мыйзамда 4-5 жыл каралбай калган мүлк ээсиз болот деп жазылган.

Жанаалы Шабдырай Зергер ушундан улам азыр тургундардан акча чогултуп, адвокат жалдап кароосуз калган үйгө кирип алууга укук берген мыйзамдын чегинде үйдү тургундарга кайра кайтарып берүүгө аракет көрүүдө:

- Эт комбинаттын деле үйгө түздөн-түз ээмин айтууга уку жок. Ошон үчүн биз адвокат жалдап, мыйзам аркылуу үйдүн башын ачалы деп жатабыз.
XS
SM
MD
LG