Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:49

Баткен облусунда китеп күнүнө арналган тегерек стол жыйын өттү


БАТКЕН. Облустук маданият башкармалыгы уюштурган бул жыйынга облустук бийликтин өкүлдөрү, район, шаардык китепкана тармактарынын жетекчилери жана айрым чыгармачылык инсандар катышты. Алгачкы китеп күнүнө арналган чакан салтанат өтүп, куттук сөздөр айтылды. Бул иш чаранын алкагында жергиликтүү жазуучу Аскар Ражавалинин "Сагыныч кушу" аттуу жыйнагынын бет ачаары да өткөрүлдү. Андан соң китепканалардын бүгүнкү абалы, көйгөйлөрү кызуу талкууга алынып, кыйын абалдан кантип чыгуу тууралуу ой-сунуштар айтылды. Талкуу учурунда он жылдан ашуун убакыттан бери жаңы китептер менен камсыздоо болбогону, Баткен райондук китепканасы имарат жоктугунан ар кай жерге көчүп жүргөнү, облустук китепкана эмдигиче ачылбаганы, көпчүлүк айыл өкмөттөр китепканага кайдыгер мамиле жасап келгендиги, китепканачыларга эмгек акылары бир нече айлап берилбей келгендиги белгиленди. Мындан сырткары эл аралык уюмдарга долбоорлорду сунуштап, алардын көмөгү менен оор абалдан чыгуу, айылдык китепканалар менен мектеп китепканаларын бириктирүү тууралуу сунуштар айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG