БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди. Өкмөт алдындагы китеп палатасы бир катар иш чараларды өткөрүп, мурда жарыяланган конкурстун жыйынтыгын чыгарды. Ал эми Т. Субанбердиев атындагы «Кыргыз полиграф комбинатынын» «Шам» басмасы бул күнү «Бүткүл дүйнөлүк поэзиянын» антологиясынын биринчи томун басып чыгарды.