Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

ЕККУнун өкүлү өлкөнүн шайлоого даярдыгын иликтөөдө


БИШКЕК. ЕККУнун Демократия жана адам укуктар бюросунун шайлоо иштери боюнча кеңешчиси Николай Вулчанов бүгүн Борбордук шайлоо коммиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев менен жолугушуп, өлкөнүн келечектеги шайлоого даярдыгы тууралуу маселени талкуулады. Иманбаев Конституцияга ылайык быйылкы жылдын 10-октябрында жергиликтүү кеңештерге, 2005-жылдын 27-февралында Жогорку Кеңешке, ал эми 24-октябрында президенттикке шайлоо өткөрүлөөрүн маалымдады. Николай Вулчанов өз сапарынын максаты өлкөнүн шайлоого байланыштуу мыйзамдарын иликтеп, алар боюнча эл аралык коомчулукка корутунду маалымат даярдоо экендигин билдирди. Ал ушул эле күнү өлкөнүн бир катар саясий партияларынын өкүлдөрү менен да жолугушту. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин билдирүүсүнө караганда, партия өкүлдөрү жолугушууда мыйзамдарды аткаруу жагы өлкөдө аксап жатканын, шайлоочулардын тизмесин жаңы тартипте түзүү зарылдыгын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG