Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Мыйзам чыгаруу жыйыны коопсуздук маселесин карай баштады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында өлкөдөгү коопсуздук маселесине байланыштуу өкмөттүк күн өткөрүлдү. Ага өкмөт башчы Николай Танаев, президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымов баш болгон күч министрликтеринин жетекчилери, башкы прокурор, жогорку соттун төрагасы катышып, кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча күч министрлери парламентке маалымат берди. Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков кырдаал министрликти реформалоо зарылдыгын шарттап жаткандыгын, бирок каржылоонун жетишсиздиги бул иштерге тоскоолдук көрсөтүүдө болуп жатат деген оюн билдирди.Өкмөттүк сааттын уюштуруучусу жыйындын кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет төрагасы Алымбай Султанов өз сөзүндө ички иштер министрлигинде кызмат сатып алуу, коррупция күч алганын айтып, министрликтин азыркы жетекчилигин кызматтан алмайын иш оңолбосун эскертти. Комитет ички иштер министрлигинин жетекчилигине ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом долбоорун да даярдаган. Парламентарийлер бул маселени кароону дүйшөмбү күнү улантат.

XS
SM
MD
LG