Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

ИРАКТАГЫ ТИРЕШҮҮ БАСЫЛА ЭЛЕК


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын Фаллужа шаары 4-апрелден бери америкалык аскерлердин курчоосунда кармалууда. 19-апрелде түзүлгөн келишимдин шарттары аткарылбай жатат. 21-апрелде болсо Басра шаарында бир нече бомба жарылып, 68 адам набыт кетти, шаардын кээ бир тургундары бул кылмыш үчүн британиялык аскерлерди күнөөлөп чыкты жана Басрада антиамерикалык митингдер өтүүдө. Мындай жагдайда кээ бир эксперттер Ирактагы америкалык башкаруучулук кризиске такалды деген пикир да айтууда.

Иракта барымтага алынган үч адам 22-апрелде бошотулду, алардын экөө Швейцариянын жараны, бирөө - израилдик араб, анткен менен ошол эле күнү дагы бир туткун - Даниядан келген кызматкер өлтүрүлдү. Буга чейин бир италиялык жаран дагы барымтага алынып, өлтүрүлгөн. Чет өлкөлүктөрдү барымтага алгандар оккупациялык аскерлердин Ирактан чыгарылып кетишин талап кылууда. 22-апрелде Басра шаарынын тургундары дагы жөө жүрүш уюштуруп, америкалык жана британиялык аскерлердин Ирактан кетишин талап кылды.

Америкалыктарга каршы куралдуу каршылык көрсөткөн Мехди армиясынын башчысы Муктада ас-Садрдын жардамчыларынын айтымында, 21-апрелде Басра шаарында ишке ашырылган террор аракеттерин уюштурууга британиялык аскерлер катышкан жана алардын колунда далилдер бар. Ирактын америкалык башкаруучулугу жана британиялык өкүлдөр мындай маалыматты дароо четке какты, бирок кээ бир эксперттердин пикиринде, Ирактагы тирешүү күчөп баратат.

Анткен менен АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, мындай бирин-серин каршылыктар болгону менен, Ирак эли жалпысынан америкалыктарды колдойт: "Ирак калкынын басымдуу көпчүлүгү эч кандай козголоңго же карактоолорго катышкан жок. Багдадда жарылган бир бомбага зыянсыздаштырылган көптөгөн бомба туура келет. Минанын жарылганынан бир имаратка зыян тийсе, көптөгөн башка имараттар, мектептер, ооруканалар оңдолуп-курулуп жатат".

Анткен менен 4-апрелден бери америкалык курчоодо кармалган Фаллужа шаарынын маселеси да чечиле элек, 19-апрелде кол коюлган келишим боюнча, шаар тургундары оор куралдарды америкалык администрацияга өткөрүп берүүгө тийиш. Бирок чогултулган куралды алып кетүүгө америкалыктар 21-апрелде келгенде, эски, эч нерсеге жарабаган мылтык жана керектен чыккан миналарды гана көргөн. Америкалык "Вашингтон пост" гезити 23-апрелде жазып чыкканга караганда, шаарды курчаган америкалык аскерлердин тынчы кетип баратат жана келишим жакын арада бузулуп, кайрадан куралдуу кагылышуулар башталышы мүмкүн.

Кээ бир эксперттердин пикиринде, америкалык башкаруучулук Иракта азыр ири тоскоолдуктарга такалууда жана тез арада өлкөдөгү абалды көзөмөлгө алууну Бириккен Улуттарга тапшырууну көздөп калды. Башка эксперттер болсо, абалды жөнгө салууга АКШ адистери толук кудуреттүү деп, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Алмания менен Жапаниянын мисалын келтирет. Анда дагы америкалык аскерлер бул эки өлкөнү оккупацияга алып, тез аранын ичинде демократиялык тартип орноткон. Ал жараян жаңы башталганда болсо, көптөгөн эксперт ийгиликке ишенген эмес.

Мисал үчүн кээ бир британиялык жана франциялык адистер Алманиянын демократиялык мамлекетке айланаарына ишенбей, аны бир нече майда өлкөгө бөлүп салууну сунуштаган. Уинстон Черчилль болсо Алманиянын өндүрүшүн жок кылып, аны таза агрардык өлкөгө айлантуу планын түзгөн. Согуш алдында көп жыл бою Жапанияда АКШнын элчиси болуп иштеген Жозеф Грю болсо Жапанияда демократиялык тартип орнотуу мүмкүн эмес деп айткан.

Ага карабастан, АКШ жетекчилиги жаңы эле согушуп бүткөн бул эки өлкөнү тез аранын ичинде өзүнүн шериктерине айлантып, күч менен демократиялык тартип орноткон жана азыр Алмания менен Жапания - дүйнөдөгү эң демократиялык өлкөлөрдүн бири. Бирок, антип айткан эксперттер дагы бир кошумча жасайт - ал кезде АКШны такыр башка адамдар жетектеген.

XS
SM
MD
LG