Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Түркмөнстандын президенти өлкөнүн Билим берүү министрин кызматтан алды


АШХАБАД. Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов өлкөнүн Билим берүү министри Мамедурды Сарыхановду жана анын орун басарын "пара жеди" деген айып менен кызматтан алды. Кечээ кабинеттин жыйынында өлкөнүн баш прокурору Курбанбиби Атажанова иликтөөлөр аталган мамлекеттик чиновниктердин кылмыш кылганын ырастаганын айтты. Ал ошондой эле ооруп, кызматка чыкпай калган кишилердин айлык маяналарын бир катар бала бакчалардын башчылары беш жыл бою кымырып алып турушканын баяндады.
Ниязовдун буйругу менен ошондой эле финансы министри менен Гашызлык Улуттук банкынын директору кызматтарынан алынды. Аларга мамлекеттик акчанын кандайча сарпталып жатканын көзөмөлдөгөн эмес, - деген айып тагылды.

XS
SM
MD
LG