Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Кербала шаарында шии мусулмандары менен Коалициялык аскерлердин кагылышуусу болду


КЕРБАЛА. Ирактын Кербала шаарында шии мусулмандары менен Коалициялык аскерлердин кагылышуусу орун алды. Көтөрүлүшчүлөр коалициянын автокербенине буктурмадан кол салып, эки ортодо ок атышуу тутанган. Болгараиянын коргоо министрлиги Польшанын командачылыгы астында кызмат өтөп жаткан болгар аскерлеринин бир солдаты курман болгонун билдирди. Шии диний лидери Мухтада Ал- Садрдын аскерлери ушул айда бир нече шаар-кышакты көзөмөлгө алып, коалициялык аскерлерлер менен кандуу салгылашууларды жүргүзгөн. Садр эгерде коалициялык аскерлер мусулмандардын ыйык жайларына баш бага турган болсо жан кечти террордук чабуулдарды жасоого кесенген.

XS
SM
MD
LG