Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:12

ОРУС ГЕЗИТТЕРИ: «СОВЕТТЕР СОЮЗУ» КАЙРА ТИРИЛЕБИ?


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Көз карандысыз шериктеш жумурияттардын аймагында жаңы регионалдык уюм түзүлдү. Орусия эми КМШ өлкөлөрүндө терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштү жетекчиликке алат. Москвага ык алган мамлекеттердин саны өсүүдө. Мына ушунун баары илгерки Советтер Союзуна кайтуу дегенди түшүндүрөбү? Аяктап бара жаткан апта ичи орусиялык гезит-журналдар бул суроого жооп тапканга аракет кылышты.

«Жыйынтыкталып жаткан жума Орусиянын сырткы дүйнө менен, болгондо да, КМШ жумурияттары ортосундагы алакаларында кескин өзгөрүүлөрдү жаратты», - деген ишенимде орусиялык басма сөз каражаттар.

Өзбек президенти Ислам Каримовдун Москвага болгон иш сапары Орусия жана Өзбекстан алакаларына болуп көрбөгөндөй таасир этээри айкын деген ойдо турушкан басылмалардын тизмеги узун.

«Россия» журналы менен «Известия», «Российская газета», «Московский комсомолец» жана «Русский курьер» гезиттерименен «Страна.ру» интернет басылмасы мына ушул тизмектин негизин түзүшөт. Бул басылмаларда мындан ары орус-өзбек мамилелери өнүгүшү гана мүмкүн деген бүтүм жасалат. Бирок бул ойдун жаралуусуна түрткү болгон жагдайлар тууралуу журналисттердин пикирлери ар башкача.

Мисалы, «Известия» гезити Ислам Каримовдун Владимир Путин менен болгон сүйлөшүү учурунда ээлеген өтө эле жумшак позицияны Өзбекстандагы оор социалдык-экономикалык абал менен байланыштырат. «Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы жакында эле Өзбекстанга көрсөтүлүүчү жардамга айрым чектөөлөрдү киргизип, мындан ары өкмөттүк долбоорлорго жардам берилбей тургандыгын түшүндүрдү. Башка эларалык каржы уюмдары да Өзбекстан менен кызматташууну дээрлик токтотуп коюшкан. Жагдай Каримовду экономикалык проблемалар менен чырмап салгандан кийин, ал башка каржы булактарын издөөгө түштү көрүнөт»,- деп боолгойт «Известия».

Мына ушундай эле мазмундагы макаланы «Московский комсомолец» гезити да басты. Анда «Каримов дайыма КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы кызматташуунун келечегине күмөн санап, 2000-жылдан тарта шериктештиктен такыр эле алыстап, АКШ менен достошуу аракетин көрө баштаганы”, бирок жакында болгон жардыруулардан кийин, “аны батыштагы достору колдобой”, тетирисинче, “адам укуктарына тиешелүү проблемаларды жадына түшүргөндөн кийин, Каримов терең ойлонуп, Москва менен тил табышууга аракеттене баштаганы» тууралуу кеп болот.

Орус гезиттери көп кайрылган экинчи проблема да Өзбекстанга байланыштуу. Өзбек өкмөтү Сорос корунун ишмердүүлүгүн «натуура» деп, каттоодон өткөрбөй койгондугун орусиялык журналисттер Каримовдун саясий кооптонуусу катары баалшты.

«Новые известия» гезитинин талдоочусу Мехман Гафарлы «Соростун негизги максаты бийликти алмаштырууда экендиги дайын. Бул максатын Жорд Сорос Грузияда ишке ашкан айтылуу «Роза ыңкылабы» учурундагы каржылык жардамы менен далилдеген. Ал эми окуянын сценарийин АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Линн Паско ойлоп тапкан», - деп жазат. Автор «эми бул өңдүү көрүнүш Кыргызстанда болоору мүмкүн экендигин» болжол кылат.

Ушул эле теманы андан ары улаган «Российские вести» постсоветтик аймактагы жумурияттардагы саясий турмушунда атуулдук кыймылдардын күчөшү жана оппозициялык күчтөрдүн биригиши ички саясий кризисти пайда кылганын жазат. Гезиттин божомолунда, бул өзгөрүүлөр жакынкы мезгилдерде бийликтердин алмашуусуна алып келиши айкын жана бул жараян Грузиядагыдай «Роза ыңкылабы» же “көтөрүлүш» формасында болушу мүмкүн.

«Орусия президентинин 20-апрелде чыгарган жардыгына ылайык, постсоветтик өлкөлөрдүн терроризмге каршы күрөшүн эми Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы башкарат». Мына ушул жана «Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү тууралуу» келишимдин ратификацияланышы тууралуу кабар көптөгөн орус гезиттеринде «Советтик бийликке» кайтуу дегенге жакын ойлорду жаратты.
XS
SM
MD
LG