Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Катчынын жаңы орун басары дайындалды


БИШКЕК. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына Муканбет Касымалиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн коопсуздук кеңештен кабарлашты. Катчынын мурунку орун басары генерал Аскарбек Мамеев Шанхай кызматташтык уюмунун органдарында иштөөгө жөнөтүлгөн. Ал эми коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов Санкт-Петербург шаарында дарылануусун улантууда. Анын Кыргызстанга ушул айдын соңунда келиши күтүлүүдө. Мисир Ашыркулов Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Санкт-Петербург шаарында өтө турган жыйынына катышуу үчүн барып, ал жерде автокырсыкка кабылган. Маалыматка караганда, автокырсыкта Мисир Ашыркулов олуттуу жаракат алган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG