Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Укук коргоо кыймылы билдирүү таратты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылы "Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Манас» аба майданында жайгашкан "Ганси" авиабазасын жардырууга даярдык көрүшкөн деген күнөө менен төрт атуулдун үстүнөн мыйзамсыз өкүмүн чыгарды" деген мазмундагы билдирүү таратты. Билдирүүдө «сот жогорку бийликтин көрсөтмөсү боюнча ушундай чечимин чыгарды. Соттун өкүмү менен узак мөөнөткө эркинен ажыратылган күнөөсүз атуулдар кыргыз бийлигинин ири өлкөлөрдүн, алардын ичинде АКШнын алдындагы жүгүнүүчүлүк саясатынын курмандыгы болуп калышты» деп айтылган. Укук коргоо кыймылынан маалымдашкандай, уюм тарабынан сот жазасына мыйзамсыз жазасына тартылган атуулдардын укуктарын коргоо боюнча иш-аракеттер көрүлөт. Ал эми сот жараянында төрагалык кылган Ленин райондук сотунун төрагасы Канатбек Турганбеков бул атуулдардын үстүнөн мыйзамдуу өкүм чыгарылгандыгын билдирген.

Ленин райондук сотунун 23-апрелдеги өкүмү менен террордук акт жасоо аракетин көрүшкөн деген айып менен Бакыт Батырбеков 13 жылга, ал эми Надыр Исманалиев, Рамис Бердалиев жана Казакстандын атуулу Акролкожо Абдувалиев ар бири 10 жылга кесилди.

XS
SM
MD
LG