Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Ишкерликти өнүктүрүү фонду түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүү фондусу түзүлдү. Ага негиз берген токтом кабыл алынгандыгын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Фонд ишкерликти өнүктүрүү боюнча өкмөт алдындагы мурдагы мамлекеттик комиссиянын мураскору болуп, директорлукка мурдагы комиссиянын жетекчиси Камиля Кененбаева дайындалды. Фондго мурдагы комиссияга тиешелүү бардык мүлк, каражат өттү жана ал каражат менен мүлк акцияларга айлангычакты фонд мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланмай болду. Ага «Ишкерликти финансы-кредиттик жана инвестициялык колдоо» аттуу мамлекеттик программанын каржылоо боюнча агенттик милдетин аткаруу жүктөлдү.

Кабарлар топтомун даярдаган - Б. Досалиева

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG