Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

Алымбай Султанов милициянын катарынан кеткенин билдирди


Мыйзам чыгаруу жыйынынын бүгүнкү отурумунда депутат Алымбай Султанов билдирүү менен чыгып, анда Ички иштер министрлигинин катарынан кеткендигин маалымдады. Анын айтымында, мындай кадам жасоого ички иштер министрилигинде коррупция жана паракорчулук орноп, министрликти жетектөөгө Бакирдин Субанбеков баш болгон адамдардын кокусунан дайындалып, анын натыйжасында кылмыштуулук күчөп кеткендиги себеп болду. Алымбай Султанов билдирүүсүндө, комитет төрагасы катары Ички иштер министрлигинин жетекчилигине ишеним көрсөтпөй турганын белгилеген. Талас облусунан Мыйзам чыгаруу жыйынына депутаттыкка шайланган Алымбай Султанов көп жылдар боюнча ички иштер органдарында эмгектенген. Парламенттик шайлоо алдында ички иштер министрлигинин Талас облустук башкармалыгын жетектеген. Милициянын полковниги.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG