Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

Парламент коопсуздук маселесин талкуулады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөдөгү коопсуздук маселесин талкуулону улантып, бирок анын жыйынтыгында эч кандай документ кабыл ала алган жок. Депутаттарга Алымбай Султанов жетектеген кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитет жана Исмаил Исаков жетектеген коопсуздук комитети эки түрдүү токтом долбоорун сунуштаган эле. Депутат Алымбай Султановдун токтомунун долбоорунда өлкөдө кылмыштуулуктун өсүшүнө байланыштуу ички иштер министрлигинин жетекчилигин кызматтан алуу сунушталса, ал эми Исмаил Исаковдун долбоорунда Кыргызстанда адам укуктары жана коопсуздугу камсыз болбой жаткандыгы жана аны камсыздоо боюнча чара көрүү өкмөткө жүктөлгөн. Добуш берүүнүн жүрүшүндө Алымбай Султановдун долбооруна 11, ал эми экинчи токтом долбооруна 30 депутат добуш берди. Эки долбоордун тең кабыл алынбай калынышына байланыштуу оппозициялык маанайдагы депутаттар өз коллегаларын кескин сынга алды. Дүйшөмбү күнкү бул жыйынга премьер-министр Николай Танаев жана президенттик администрация жетекчиси Тойчубек Касымов жана күч министрлери катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG