Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Шанхай уюму террорчулукка каршы иш-чараларды күчөтөт


БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкенде жайгашкан антитеррордук структурасы террорчулукка, диний экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү боюнча катуу аракет көрө баштады. Бул тууралуу бүгүн ШКУнун аткаруу комитетинин төрагасы Вячеслав Касымов Улуттук коопсуздук кызматында өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Ташкендеги террактардан кийин уюмга мүчө мамлекеттердин тиешелүү органдары маалымат алмашуу жана террорчулукка каршы бирдиктүү аракеттерди көрүү жаатында кызматташуусун күчөттү. Вячеслав Касымовдун айтымында, Ташкенттеги террактар боюнча иликтөөнү Өзбекстандын президенти Ислам Каримов башында турган комиссия жүргүзүүдө жана комиссия азыр Казакстанда иликтөө жүргүзүп жатат. Анткени террористтер жардырууга чейин чөнтөк телефону менен Казакстандын аймагындагы адамдар менен сүйлөшүшкөн.

XS
SM
MD
LG