Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

КИПРДИН ГРЕКИЯЛЫК ТАРАБЫ УЛУТТАР УЮМУНУН ПЛАНЫН КОЛДОГОН ЖОК


Бурулкан Сарыгулова, Прага Экиге бөлүнүп калган Кипр аралын бириктирүү боюнча Бириккен улуттар уюмунун планы ишке ашпай калды. Ишемби күнкү референдумда планды түркиялык киприоттордун 65 пайызга жакыны колдоп добуш беришсе, Грекиядагы түштүктүктөрдүн 76 пайызга жакыны буга каршы болушту. Ошентип Бириккен Кипр Европа биримдигине 1-майда кабыл алына турган мамлекеттердин катарына кирбей калды. Бул укуктан эми эларалык таанымга ээ болгон Грекиялык Кипр гана пайдалана алат.

Кофи Аннандын планы төрт негизги багытты, атап айтканда, аралдагы башкарууга, жамааттар жашаган аймактарга, менчикке жана коопсуздукка байланышкан маселелерди камтыган. Бул өз кезегинде эки штаттан же аймактан турган бир бүтүн мамлекет болмок. Бирок бул долбоорду Грекиядагы Кипр колдобой койду. Натыйжада Бириккен улуттар уюмунун планы жараксыз болуп калды. Маселенин ушундай чечилишине Европа биримдиги да өз кабатырлануусун билдирди. Ушундай эле көз караштагы АКШ өкмөтү түндүктүк Кипрдин батыл мамилесине ыраазычылык билдирди. Бириккен улуттар уюму болсо референдум өткөрүү боюнча өкүлчүлүгүн жапкандыгын жарыялады.

Бирок кипрдиктер өздөрү эки элди чындап бириктирүүгө камылгалар дагы эле болоорун айтышууда. Бул акыркы чекит эмес экенин ишемби күнү кечинде телеберүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Грекиялык Кипр президенти Тассос Пападопулос белгиледи:

- Референдумдун тыянагы мындан ары бөлүнүүнүн шылтоосу катары эмес, биригүүнүн демөөрчүсү катары кызмат кылышы керек. Европалык үй-бүлөдө биз – грекиялык жана түркиялык киприоттор бир өлкө, Кипрдин бир эли катары коопсуз келечекке акылуубуз.

Грек киприоттору бул планда жамааттын коопсуздугун, эки Кипрдин ымалалашып жашап кетүүсүн, Түркиядан ооп келгендердин жашоосун кепилдеген, түрк аскерлерине байланышкан механизмдер жетишсиз деп эсептешти. Ошондой эле 1974-жылдагы окуядан кийин аралдын түндүгүндө калган менчигин кайтаруу укугуна ээ боло алабы, жокпу – бул дагы түштүк Кипрди кетенчиктеткен негизги маселелердин бири болду.

Ал эми түрк тарабындагы Кипр тескерисинче, Кофи Аннандын планын колдоо менен, Түндүк Кипрдин премьер-министри Мехмед али Талат көпчүлүк кипрдиктерге каршы пикирде болгону үчүн президент Денкташты кызматтан кетирүүгө чакырды. Рауф Денкташ референдумдун алдында элди БУУнун планына каршы добуш берүүгө чакырган болчу. Референдумдун соңунда ал “Менин кызматтан кетишиме негиз жок. Максат ишке ашты. Биз элди сактап калдык” деди. Анын пикиринде, алды менен эларалык коомчулук Түндүк Кипрден экономикалык эмбаргону жана башка чектөөлөрдү алып салууну иш жүзүндө далилдеши керек.

- Эгер эки тарап бирдей макулдук берсе, биз бардык күчүбүз менен күрөшүүгө даярбыз, - деди ал.

Кипрдиктерден айырмаланып талдоочулар бул маселени ар кыл өңүттө карашууда. Маселен, Кипрдеги эларалык мамилелер окуу жайынын профессору Хьюберт Фоустманн түштүк Кипрдин баш тартуусун саясий оюн катары баалады:

- Грекиядагы кипрдиктердин ишениминде Түркия Европа биримдигине кирүү камын көргөн бүгүнкү шартта Кипр проблемасы чечилиш ыктымалдыгы бар. Ошондуктан Бириккен улуттар уюмунун планын колдобой коюу – бул оюн болду.

Көз карандысыз саясий иликтөөчүлөр тобунунун Кипр боюнча эксперти Жеймс Кер-Линдсей Кипр маселеси чечилбеген маселе бойдон кала берет дейт:

- Жагымсыз жагы – грек киприоттору планга каршы болушту. Бул план боюнча референдум бир нече айлампада болот деген божомолду жокко чыгарды. Бул план ушул калыбында элге кайра сунушталаарын элестетүү кыйын.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG