Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Америкалык айтылуу финансист, соопкер Жорж Соростун Кыргызстандагы иш сапары Өзбекстандагы анын фонду жабылгандан кийин - жагымсыз кырдаалда башталды. Ж.Сорос мырзанын ачык коом институтун постсоветтик республикаларда байыралтуу идеясы кыйладан бери талаш-тартыш туудуруп келет.

Жорж Сорос бүгүн президент Аскар Акаев менен жолугушту. Жабык эшик артында өткөн сүйлөшүүдө кандай маселе козголуп, кайсы проблема талкууга алынганы маалымдалбады. Ж.Сорос мырза өзү түптөгөн “Бишкек ымаласы” экономикалык саясат институтунун өкүлдөрү менен да кездешти. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтуусунда, анда институттун келечек пландары жөнүндө сөз болду:

- Биз директорлор кеңешинин жетекчисинин орунбасарын шайладык. Келечек экономикалык саясат жөнүндө сөз болду. Биз комплекстүү өнүгүүнүн негизинде өзүнчө бир программа жасайлы деп ойлоп атабыз. Ж.Сорос мырза институттун пландарын колдоду.

“Сорос-Кыргызстан” фондунун маалымдоо каражаттары менен байланыш кызматынын жетекчиси Жанна Кусаинованын билдиришинче, Ж.Сорос Кыргызстандагы фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү менен кездешти.

- 26-апрелге Жорж Соростун “Бишкек ымаласы” экономикалык саясат институнун өкүлдөрү президент А.Акаев менен жолугушуусу, ошондой эле “Сорос-Кыргызстан” фондунун башкармалык мүчөлөрү менен кездешүүсү белгиленген.

Азырынча ачык айтылбаган маанилүү кездешүү, жолугушууларда кандай кеп болгону эртең журналисттер үчүн өткөрүлчү маалымат жыйынында айтылат. Жорж Сорос республикадагы негизги басылма, электрондук маалымдоо каражат жетекчилери менен жолугуп Кыргызстандагы маалымдоо каражаттарынын абалы жайында пикир алышмакчы.

- Иш сапарынын учурунда Ж.Сорос маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандагы маалымдоо каражаттарынын абалына арналган “тегерек үстөл” жыйынына катышат,- деп маалымдады “Сорос-Кыргызстан” фондунун директору Медет Төлөгөнов.

“Агым” гезитинин ээси Мелис Эшимкановдун ырасташынча, Ж.Сорос Кыргызстанда сөз эркиндиги байыралып, пикирлердин ар түрдүүлүгүн калыптандырууга чоң көмөк көрсөттү:

- Кыргыз өкмөтү жасай албаган нерсени соопкер Жорж Сорос мырза жасап жатат. Башкалар үчүн айтпайын, биз - “Асаба” гезити бийлик менен тирешип кыйналып жүргөн мезгилде техника түрүндө, каражат түрүндө көп жардам берди. “Агым” гезитинин да тез аранын ичинде бутуна туруп кетишине Сорос фондунун түздөн-түз тиешеси бар. Мен муну эч качан унута албайм. Америкалык миллиардердин жардамынын артында эч кандай саясат жок, конъюнктура жок. Бул анын Кыргызстандагы демократияга кошкон салымы. Ж.Сорос мырза “демократия аралчасы” деген имиджин жоготуп бараткан Кыргызстанга мындан да көбүрөөк жардам-көмөгүн көрсөтсө деген тилекти айткым бар,- дейт Мелис Эшимканов.

Анткен менен кийинки кездерде Кыргызстанда көз карандысыз маалымдоо каражаттарынын абалы татаалдашууда дешет адистер. Каржылык кыйынчылыктын айынан каттоодон өткөн басылмалардын көпчүлүгү тез эле жабылып калууда. Журналисттер менен эркин басылмаларды олчойгон оор айыппулдарга жыгуу аракети токтоло элек. “Пирамида” телеканалынын жабылышы да биртоп бүдөмүк суроолорду жаратты:

- Акыркы бир жыл, бир жарым жыл ичинде проблема аябай көбөйүп кетти. Сот процесстери, көшөгө артындагы экономикалык кысымдар. Аны ошол эле “Пирамиданын” мисалында, башка маалымдоо каражаттарынын мисалында айтсак болот. Өзгөчө мынабу шайлоолор алдында бийлик тарабы болобу, оппозиция тарабы болобу, маалымат каражаттары күчтүү курал экенине көздөрү жетип калды дагы азыр билген намаздарын, билген жолдорун колдонушуп, аны колго алуу аракетин жасап жатышат.

“Сорос-Кыргызстан” фонду 1993-жылы уюшулган. Бул арада Кыргызстанга миллиондогон долларлык гранттык жардамдар көрсөтүлдү.
XS
SM
MD
LG