Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

ИРАКТА МУНАЙ ТЕРМИНАЛДАРЫНА ЧАБУУЛ КОЮЛДУ


Сапар Орозбаков, Прага Өткөн ишембиде жанкечти террорчулар Ирактын эки мунай терминалына чабуул жасашып, аларды иштен чыгарышты. Иракка коалициялык күчтөр келгенден бери мындай окуя биринчи жолу болгондугу айтылат. Ирактын мунай өнөр жай министрлигинин жетекчилери ал терминалдар кайра ишке киргизилгендигин билдиришүүдө.

25-апрелде жанкечти террорчулар Хор ал-Амая жана Ал-Баср мунай терминалдарына чабуул жасашты. АКШнын Ирактагы деңиз аскер жетекчилеринин айтымында, террорчулар ишемби күнү кечке маал балык уулоо үчүн пайдаланчу кичинекей кайык менен Перси булуңунда жайгашкан Хор ал-Амая терминалына жакын келишкен.

Америкалык аскерлер террорчуларды байкап калышып, аларды кармоо үчүн кайыкка отура баштаганда жанкечтилер кайыкты жардырып жиберишкен. Андан америкалык эки аскер өлүп, төртөө жаракат алган. Ошондой эле окуя жыйырма мүнөттөн кийин Ум-Каср портундагы Ал-Баср терминалында да болгондугун айтышат. Ага жанкечтилер эки кайык менен келишкен:

-Ал-Басрдын коопсуздук күчтөрү ал эки кайыкты колго түшүрүүгө аракет кылганда алар терминалга 50 метр жакын жерден кайыкты жардырып жиберишти, – дейт АКШнын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Жеймс Грэйбл.

Мурда Ирактын мунай кендериндеги жабдыктарга жана мунай түтүктөрүнө бир нече жолу чабуул болгон эле. Ирактын мунай өнөр жай министрлиги алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн баардык аракеттерди жасап келет. Мунай түтүктөрүн кайтаруу үчүн атайын аскерлер бөлүнгөн. Бирок терминалдарга чабуул коалициялык күчтөр Иракка келгенден берки бир жыл ичинде биринчи жолу болуп жаткандыгын айтышат. Терминалдарды жана мунай ташыган танкерлерди АКШнын жана коалициялык күчтөрдүн учактары асмандан кайтарып турушат. Ишембиде болгон чабуулдар ал учактардан кичинекей кайыктар байкалбай кала тургандыгын көрсөттү.

Террорчулар терминалдарга көп зыян келтире алышкан эмес. Ирактын мунай өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү кечээ Хор ал-Амая терминалын кайра калыбына келтирдик деп билдиришти. Бүгүн болсо Ирактын мунай өнөр жай министри Ибрагим Бахр ал-Улум пресс-конференция өткөрүп, экспортко кетчү мунайдын көбүн өзүнөн өткөргөн Ал-Басрдагы терминал да ишке киргизилгенин маалымдады. Анын айтымында, Ирактын мунай экспорту террордук чабуул алдындагы көлөмүнө жеткирилет.

Акыркы маалыматттарга караганда, бүгүн Багдаддын борбордук бөлүгүндө төрт америкалык аскер машинеси жардырылды. Ал эмне болуп жардырылганы тууралуу маалымат жок. Бирок адамдардын өлүп, жарадар болгону тууралуу айтылат. Канча экендиги белгисиз.

Фаллужада болсо, тынчтык келишим түзүлгөн менен кез-кезде ок атуу болуп жаткандыгы айтылат. БУУнун Ирактагы атайын өкүлү Лахдар Брахими америкалыктарды абалды курчутпоого чакырды.
АКШнын Ирактагы аскер жетекчилери акыркы эки жумада террордук чабуулдардын азайгандыгын билдиришүүдө:

- Ирактыктардын коалициялык күчтөргө каршы чабуулдарын биз так эсепке алып келебиз. Акыркы эки жумада же 10 күн ичинде чабуулдар апрель айынын башындагы эки аптага салыштырмалуу бир аз азайды. Бирок ал март айынын акырына караганда бир топ жогору. Март айында бир күндө 20 чабуул болгон. Апрель айынын биринчи бөлүгүндө ал 3-4 эсеге өсүп кеткен. Азыр болсо күнүнө 37-42 чабуул болуп жатат, – деди АКШнын генералы Марк Киммит.

XS
SM
MD
LG