Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

27-апрелде аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсүно караганда 27-28-апрель күндөрү Жалалабад, Ош, Баткен, Талас, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлүүдө.

27-апрелде Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Тоо этектерине жана тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +8…+13 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +10…+15 градус жылуу болот.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН аймактарында түнкүсүн 0…+5 градус жылуу, күндүз +5…+10 градус жылуу болушу күтүлөт.
БИШКЕКТЕ маал-маалы менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +9…+11 градус жылуу.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG