Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча конференция Бишкекте өтөт


БИШКЕК. Ушул жылдын 10-12-май күндөрү Бишкекте «Ооганстан боюнча регионалдык кызматташуу: Борбор Азия, Иран жана Пакистан» аттуу эларалык конференция болот. Ага Ооганстан, Иран, Пакистандын жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин делегациялары катышат. Андан тышкары БУУнун Өнүгүү программасынын администратору Марк Маллок Браун Кыргызстанга расмий визит менен келип катышаары болжолдонууда. Конференцияны өткөрүү боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Америкадагы сапары учурунда БУУнун Өнүгүү программасынын администраторунун орун басары, Европа жана КМШ мамлекеттери боюнча регионалдык директор Кальман Мицее менен макулдашкан.

XS
SM
MD
LG