Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Борбор Азия жаңылыктары


БИШКЕК. Бүгүн Кант аскерий аба базасында Орусиянын Кыргызстанга 3 миллион долларлык аскерий жардамы берилди. Жардамдын ичинде тик учма, аскерий курал-жабдык жана кийим-кече бар экендиги кабарланды.

АЛМАТЫ. Казакстандык көз карандысыз “Диапазон” журналынын редактору камактан бошотулду. Сот мындай чечимди Владимир Михайловдун апелляциялык арызынын негизинде чыгарды. Чарбалык талаш-тартыш менен байланыштырылган бул чатакка байланыштуу бир нече жылдан бери соттук териштирүүдө жүргөн Михайлов чечим чыккан кезде ачкачылык акциясын өткөрүп жаткан.

ДҮЙШӨМБҮ. Сойкуларга далдалчы болгону үчүн Анвар Рахманов аттуу тажикстандык атуул жергиликтүү сот тарабынан 3,5 жылга эркинен ажыратылды. Ал Араб Эмиратына кыздарды азгыруу жолу менен жөнөтүп турган деп айыпталды. Рахманов былтыр октябрь айында үч кызды Дубайга жөнөтүп жаткан жеринен кармалган.

Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган – Бурулкан Турдубек кызы, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG