Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Чернобыль апааты эскерилди


КИЕВ. Бүгүн Украинада, Белорусияда жана Орусияда Чернобыль апаатынын 18 жылдыгына байланыштуу иш-чаралар өткөрүлдү. Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Бул жарылуунун кесепетинен реактивдүү зат аба менен постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагын жана Европанын бир ыптасын булгаган. Ал жүз миңдеген адамдарды жабыркатып, миңдеген куткаруучулар, өрт өчүргүчтөр, ишкананын жумушчулары айыккыс дартка чалдыгып, майып болуп калышкан.

XS
SM
MD
LG