Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Түндүк Корея Сеулдун гуманитардык жардамын албай койду


СЕУЛ. Кызыл чырым эларалык федерациясы бүгүн Пхеньянды Түштүк Кореянын 1.2 млн. доллар ченеминдеги гуманитардык жардамын алууга чакырды. Уюмдун айтымында бул жардам 100 миң адамдын бир жылдык кем-карчына жарайт. Мындай жардамды Түштүк Корея өткөн бейшембиде Рихчон шаарынын жанында болгон поезд кырсыгына байланыштуу сунуштаган. Бирок Түндүк Корея жардамды алуудан баш тартып, анын себебин билдирген жок. Кырсык учурунда 160 чамалаш киши набыт болуп, 1300 адам жабыркагандыгы жана шаардын 40 пайызы керектен чыкканы кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG