Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Европа Биримдиги тышкы иштер министрлерин чогултту


ЛЮКСЕМБУРГ. Европа биримдигинин тышкы иштер министрлеринин отуруму Люксембургда өтүп жатат. Анда Кипрде өткөн ишембидеги референдумдун жыйынтыгы талкууланды. Тараптар талкуу учурунда референдумда БУУнун планын колдоп добуш берген Түндүк Кипрге экономикалык жактан чектөөнү токтотуу зарылдыгын белгилешти. Бул отурумда ошондой эле биримдиктин жаңы Конституциясынын долбоору да талкууланды. Анын тыянагы тууралуу азыр маалымат тарай элек. Бирок бул долбоор колдоо тапса биримдик июнь айында чогула турган 25 мүчө мамлекеттин бийик саммитине талкууга коёт. Бул долбоордо жаңы мүчө мамлекеттердин макамына байланышкан талаштуу жоболор бар.

XS
SM
MD
LG