Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

НАТО Ооганстанды калыбына келтирүү иштерин кеңейтет


Уюмдун Башкатчысынын орун басары Минуто Риццо кечээ Кабулда буларды билдирди:

- НАТОнун кеңеши уюмдун ишмердүүлүгүн адгенде өлкөнүн түндүгүндө андан соң батышында кеңейтүү планын жактырды. Буга быйыл январь айында Кундуз шаарында башталган долбоордун оң натыйжасы өбөлгө берди.

Минуто Риццо жана уюмдун башка өкүлдөрү кечээ Кабулда ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. НАТОнун азыр Кабулда алты жарым миңдей аскери бар. Ал өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз шаарында калыбына келтирүү иштери менен алектенген аскерий-граждандык топко жетекчилик кылат. Минуто Риццонун айтымында, эми дагы ушундай беш топ уюштурулмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG