Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

ЖОРЖ СОРОС БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыктыктан» мурда кабарлангандай, Кыргызстанга жекшемби күнү келген белгилүү финансист Жорж Соростун Кыргызстандагы иш сапары уланууда. Кечээ Жорж Сорос президент Аскар Акаев жана өзүнүн фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги менен жолугушту. Бүгүн ал Бишкектеги студенттерге кездешти.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун малымдоо каражаттары менен байланыш кызматынын жетекчиси Жанна Кусаинованын маалыматына караганда, бүгүн
Жорж Сорос Бишкектеги Борбор Азия Америка университетинин студенттери менен жолугушту. Мындан кийин жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирдикте "тегерек стол" жыйынына катышмакчы. Иш сапарынын соңунда маалымат жыйыны өткөрүлөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, Жорс Соростун алгачкы күндөгү жолугушуулары жабык эшик артында өткөрүлдү.

Бүгүнкү жолугушууга чакырылган «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыковага "Жорж Сорос менен жолугушууда кандай маселелерди көтөрөсүз" деген суроо узатсак мындай жооп берди:

- Мен Жорж Соростон 2005-жылы Аскар Акаев президенттик шайлоого катышпоосу үчүн ар тараптуу көмөк көсөтүүсүн өтүнөм. Анткени Аскар Акаев буга чейин бийликтен кетээрин убада кылган жана ошол убадасынын негизинде Конституцияга жараша бийликтен кетиши керек. Эгерде бийликтен кетпесе Кыргызстанда бөлүнүп жарылуу күчөп, саясий башаламандык болот. Ошондой эле мен Жорс Соростон Кыргызстандагы эркин массалык маалымат каражаттарына каржылык жардам берүүсүн сурайм. Анткени Жорж Соростун буга жетишээрлик кадыр баркы бар, - деди "Республика" гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова.
XS
SM
MD
LG