Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

ЕВРОБИРИМДИКТИН ЛЮКСЕМБУРГ ЖЫЙЫНЫ


26-апрелде Люксембургда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жылдык жыйыны өттү. Бир күндүк жолугушуу маалында европалык министрлер уюм менен Орусия ортосундагы алакаларды, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин, Кытайга каршы киргизилген курал эмбаргосун жана Косоводогу кырдаалды талкуулашты.

Жыйын Орусияны Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алуу маселесин кароодон башталды. Расмий булактардын маалыматына караганда, Еврокомиссиянын делегациясынын өткөн жумада Москвага жасаган сапары бир топ натыйжалуу болду. Брюссел менен Москва Орусия жылдын аягына чейин Соода уюмуна кабыл алынат деп үмүттөнүп жатышат.

Мындан тышкары министрлер Орусия жана Евробиримдикке кире турган жаңы мамлекеттер ортосунда түзүлүүчү кызматташуу келишимин талкуулашат.

Бул жыйында орток пикир табууга жолтоо болуп жаткан суроолорго чекит коюлат деп күтүлүүдө. Айрым маалыматтарга ылайык, Москва койгон шарттардын көпчүлүгүнө биримдик макул болду.
Орусия менен Калининград анклавы ортосундагы каттам көптөн бери талаш-тартыштарды жаратып келаткан эле. Өткөн аптада Брюссел бул маселе чечилди деп жарыялады.

Москва биримдикке кирүүгө даярданып жаткан жаңы мүчө-мамлекеттердеги улуттук азчылыктардын укуктары корголууга тийиш деп талап кылууда. Бул жаатта эртең атайын документке кол коюлмакчы.

Жыйында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу жолдору да талкууга алынууда. Өткөн жума күнү уюмдун басма сөз катчысы Эмма Удвин маалымдагандай, министрлер кабыл ала турган билдирүүдө ырасмий Тел-Авив өз аскерлерин Газа тилкесинен чыгарып кетүүнү камсыздоого тийиш деп баса белгиленет:

- Израил армиясынын Газа тилкесинен чыгып кетүүсү эларалык коомчулук, Израил жана Палестина тарабынан кабыл алынган жол картасынын шарттарына ылайык жүргүзүлсө, ал өтө эффективдүү болоор эле. Келечек статус жөнүндөгү маселе бир тараптын экинчи тарапка өз шарттарын таңулоо аркылуу эмес сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен чечилиш керек.

Брюсселдеги дипломаттардын бири биримдиктин талабына ылайык Израил аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Газа тилкесин реконструкциялоого жардам көрсөтүүгө тийиш деп билдирди. Жөөт армиясынын Палестин аймагына кол салууларынын айынан Евробиримдик каржылаган көптөгөн имараттар жана башка объектилер кыйроого учураган. Бул чыгым орто эсеп менен алганда дээрлик 24 миллион еврого бааланат.

Биримдиктин учурдагы төрагасы Ирландиянын өтүнүчү боюнча министрлер Кытайга каршы киргизилген курал эмбаргосун да талкуулашат.

Соңку мезгилде Брюссел санкцияны алып салууну талап кылган Бээжиндин катуу кысымына туш болуп келатат. 1989-жылы Тяньаньмен аянтындагы демонстрация күч менен басылганда Евробиримдик мындай катуу чара көргөн эле.

Экинчи жагынан Жапония жана АКШ европалыктарды эмбаргону алып салбоого көндүрүүгө аракет көрүп келатышат.

Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Эмма Удвин бул жыйында Кытай боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алынбайт деп билдирди.

Евробиримдик Косовонун көп улуттуу принципте түзүлүшүн жактайт. Удвин айымдын ырастоосунда, министрлер Косовонун статусу провинцияда демократиялык стандарттар орнотулмайынча каралбайт деген турумда кала беришүүдө.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG