Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:38

САНЖЫРАЧЫ, ЫРЧЫ МУКТАР БОСТОНКУЛОВ: "ИЧКИЛИК КЫРГЫЗДАРДЫН ЖҮЗҮ АЧЫЛБАЙ КЕЛАТАТ"


Санжырачы, ырчы Муктар Бостонбаев менен кабарчыбыз ичкилик кыргыздар, алардын оозеки адабий-музыкалык мурастары жөнүндө баардашты.

- Муктар мырза, ичкилик кыргыздардын тууралуу айтсаңыз? Бүгүнкү күндө ичикиликтер Кыргызстандын баардык аймактарында, чет өлкөлөрдө жашайбы?

- Менин маалыматым боюнча ичкиликтер Казакстанда, Өзбекстанда, кала берсе Мажарстанда (Венгрияда) жашайт экен. Мен эми жалпы ичкиликтерге токтобой эле, төөлөстөр жөнүндө айта кетейин. Азыркы кезде төөлөстөр Алтайда бар. Алтайда жашаган элдердин 25 пайызы төөлөстөр. Ал жерде Төөлөс деген көл бар. Аны орусча Телец дешет. Ошол Төөлөс көлүнүн тегерегинде жашаган калктар да төөлөстөр. Ысыккөлдө, Нарында, Чүйдө, Жалалабадда төөлөстөр жашайт. Алар төрт түрдүү ат менен айтылып жүрөт. Маселен, кээ бирлери теле, кээси төөлөс, түндүктөгүлөр дөөлөс, төргүштөр деп да коюшат.

- Муктар мырза, төөлөстөрдүн көбү негизинен кайсыл аймактарда жашайт?

- Азыркы күндө төөлөстөр Ноокат районунун Төөлөс айылында көп жашайт. Ал жерде 4 миңден ашык кожолук бар. Элинин саны 20 миңдин тегерегинде. Ошентип, төөлөстөрдүн көп жашаган жери биздин Төөлөс айылы эсептелет. Башка аймактарда аз.

- Муктар мырза, эми эгер айып этпесеңиз сөздөн ырга өтөлү. Азыркы аткара турган ырларыңыз кимдерге, эмнеге арналат?

- Жакшы болот. Азыркы аткара турган ырым жаштарга санат, насаат катары айтылган ырдан аткарып берейин:

- Күн түн менен алмашып,
Кете берет турбайбы.
Өмүр ширин көрүнүп
Өтө берет турбайбы.
Жыл артынан жыл чубап,
Жыла берет турбайбы.
Өмүр ошентип аз аздан
Сына берет турбайбы.
Жандуулардын бардыгы
Өтө өлөт турбайбы.
Өмүр кайта башталып
Өнө берет турбайбы.
Аккан суулар кайрылбай
Ага берет турбайбы.
Мезгил тынбай канаттын
Кага берет турбайбы.
Өткөн менен кеткенди
Өз ордуна келтирип
Атадан калган васийхат
Жаза берет турбайбы.

- Эми ажал жөнүндөгү ырдан бир шиңгил айтып берейин:

Ак сакалы жайкалган
Азада бою кайкайган.
Балдары көрүп кубанган
Бабалардан дуба алган.
Тарых зарга колу ачык
Кайда барса жолу ачык
Атаңда жүрөт шум ажал.

- Эми "Доври экен" деген ырдан үзүндү айтып берейин:

- Кыргый салып ойномок
Кырчындыктын даври экен.
Көпөлөк коону осмоглүк
Кызыл гүлдүн даври экен.
Кесе-кесе сүймөлөк
Кызыл тилдин даври экен.
Кыздын көнү осмоглүк
Кырк байтал келсе даври экен.
Жубандын көөнү осмоглүк
Жүз тили келсе даври экен.
Жагалмай салып ойномок
Жаштыгыңдын даври экен.
Бай-пача болуп жүргөмүн
Мастыгыңдын даври экен.


- Мухтар мырза кечиресиз, даври деген сөздүн маанисин түшүндүрө кетсеңиз?

- Даври - доор деген сөз. Эми "Оомат" аттуу ырдан айтып берейин:

- Ээй, келериңде ооматың
Көл мелтиреп толгондой.
Кетериңде ооматың
Көлдөгү сууң соолгондой.
Келериңде ооматың
Келтирип урган коргондой.
Кетериңде ооматың
Көзүңдү чукуп ойгондой.
Келериңде ооматың,
Желпинип бышкан буудайдай,
Кетериңде ооматың
Тандырга жаккан куурайдай.
Келериңде ооматың
Шаркырап аккан суудайсың.
Кетериңде ооматың
Каның качкан куудайсың.
Келериңде ооматың
Абадан алтын куйгандай.
Кетериңде ооматың
Алтының колдон жулгандай.
Келериңде ооматың
Сарайыңдын ичинде
Сандаган пулуң тургандай.
Кетериңде ооматың,
Келтирип салган сарайың
Чалдыбар болуп тургандай.


- Муктар мырза, сиздин баамыңызда ичкилик кыргыздардын обондору, күүлөрү коңшулаш жашаган өзбек, казактардыкына окшошобу же окшошпойбу?

- Ичкиликтердин обондору, күүлөрү кыргыз болгондуктан кыргыздарга окшош. Ал эми өзбек, казактардыкына такыр окшошпойт. Ичкилик кыргыздардын обондорунун баш аты башка. Тилекке каршы мен капа болуп жүрөмүн. Биздин окумуштуулар, биздин жетекчилер ичкилик кыргыздардын тилине, адабиятына, маданиятына, тарыхына, ошондой эле музыкасына көңүл бөлбөй келишкен. Ошентип ичкилик кыргыздардын жүзү ачылбай келе жатат.

- Ырахмат кайрадан көрүшкөнчө сак-саламатта болуңуз.
XS
SM
MD
LG