Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Эркин гезиттин редакторунун уулу сабалды


БИШКЕК. «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын 21 жаштагы уулу Чынгыз Сыдыковду 24-апрелде белгисиз төрт киши сабап кеткен. Бул тууралуу Сыдыкова бүгүн кабарлады. Анын айтымында, башы эки жерден жарылган уулу ооруканада дарыланып жатат. Сыдыкованын пикиринде, бул сабоо анын редакторлук ишине байланыштуу болушу ыктымал. Анткени гезиттин акыркы сандарында Ички иштер министрлигиндеги коррупция жана анын кылмыш дүйнөсү менен аралашкандыгы жөнүндө сын макалалар жарыяланган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкулов редактордун уулуна байланыштуу окуя Октябрь райондук милициясы тарабынан иликтенип жаткандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG