Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Мыйзам чыгаруу жыйыны жер көчкүдөн жабырлангандар боюнча токтом кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Кайнама жергесиндеги жер көчкүгө байланыштуу токтом кабыл алып, кырсыктан жабыркаган ар бир үйбүлөгө 200 миң сомдон жардам көрсөтүүнү, ал эми каза болгондордун ар биринин тажиясын өткөрүүгө 10 миң сомдон бөлүүнү өкмөткө тапшырды. Палата ошондой эле жер көчкүдөн жабыркагандарга жер берүүнү да өкмөткө милдеттендирди. Андан кийин депутаттар «Жер кодексине өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү жөнүндө» өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун кароого киришти. Киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдө үрөн жана асыл тукум чарбаларга узак мөөнөткө жер бөлүп берүү жагы каралууда.

XS
SM
MD
LG