Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

«Актуалдуу искусство» аттуу эларалык көргөзмө өтүп жатат


БИШКЕК. Бул күндөрү Бишкекте азыркы искусствонун чыгармалырынын «Актуалдуу искусство» аттуу эларалык көргөзмөсү болуп жатат. Көргөзмө Бишкектеги көркөм сүрөт искусство музейинде 25-апрелде ачылган жана ал 16-майга чейин уланат. Ага Германия, Орусия, Словения, Казакстан, Өзбекстан, Молдова жана Кытайдын азыркы искусство чеберлеринин чыгармалары коюлган. Көргөзмөнүн уюштурган «Курама–арт» галареясынын директору Айчүрөк Жамгырчиновадан алынган маалыматка караганда, көргөзмө чет өлкөгө көп чыкпаган кыргыз сүрөтчүлөрүн азыркы исскуствонун агымдары менен тааныштырып, демөөр берүү максаты менен уюштурулду. «Бир катар чет өлкөлөрдөн келген азыркы искусство сынчылары кыргыздын жаш сүрөтчүлөрүнүн өзгөчөлөнгөн көз караш, артыкчылыктары бар экендигин айтышты", -деп билдирди Айчүрөк Жамгырчинова.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG