Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Кыргызстан менен НАТОнун кызматташтыгы артат


БИШКЕК. Терроризмге каршы күрөштө Кыргызстан менен Түндүк атлантикалык альянстын ортосунда кызматташуу күчөтүлөт. Бул жөнүндө кечээ президент Аскар Акаев менен НАТОнун башкы катчысынын коомдук дипломатия боюнча жардамчысы Жан Фурне менен жолугушууда сөз болду. Жолугушууда андан тышкары аймактык кызматташууну арттырууга НАТО көрсөтө турган көмөк маселеси да талкууланды. Ал эми эртең Кыргызстанда НАТОнун өнөктөштүк тобунун координация боюнча директору, генерал Рыфкы Дурусойдун иш сапары башталат. Ал Бишкекке «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында мындан аркы кызматташуунун багыттарын аныктоо максаты менен келет. Бул маселелерди ал коргоо министри Эсен Топоев, анын орун басары Асылбек Ормокоев менен жолугушуп талкуулайт. НАТО Кыргызстан менен «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында 1994-жылдан бери кызматташат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG