Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

ЖОРЖ СОРОСТУН БИШКЕККЕ ИШ САПАРЫ, КЫРГЫЗ ДЕПУТАТТАРЫНЫН ӨЗБЕКСТАНДЫН ОЛИЙ МАЖИЛИСИНЕ КАЙРЫЛУУСУ


Алайдын Кайнама айылындагы жер көчкүдөн 33 адам набыт болду. Бишкекке эки күндүк иш сапары менен айтылуу финансист, соопкер Жорж Сорос келип кетти. Кыргыз парламентинин мүчөлөрү Өзбекстан Олий мажилисине кайрылуу жолдошту. Президент А.Акаевдин Жапан өлкөсүнө иш сапары кандай өткөнү кыргыз басылмаларында баяндалууда.

Алайдын Кайнама айылындагы жер көчкү 33 адамдын өмүрүн алып кеткенин, 12 адам жарадар болушканын шейшембидеги “Комсомольская правда в Кыргызстане” басылмасы жарыя кылды. Гезитте белгилүү финансист Жорж Соростун Кыргызстанга иш сапары тууралуу материалдарга да кеңири орун берилген.

Кыргызстан коммунисттеринин жетекчиси Абсамат Масалиевдин айтымында, Жорж Сорос Кыргызстанга Аскар Акаевди колдоо үчүн келди. Ж.Сорос президент А.Акаевди кызматтан кетирбештин кебин сүйлөйт. Биздин бийликке болсо чириген байлар менен ымала түзүш пайдалуу.

Ж.Сорос кааласа Кыргызстандын саясий ырайын өзгөртүп коё алат. Бирок менин оюмча, анын президент А.Акаевди апачык колдоп ийишине ишенбейм, дейт депутат Адахан Мадумаров. Ал биздеги абалды, мамлекет башчы канчанчы мөөнөт бийликте отурганын жакшы билет. Гезиттин ырасташынча, ачык коом институтун жактаган айтылуу финансист, филантроптун Кыргызстандагы иш сапары жалаң жабык эшиктердин артында өттү.

Президент А.Акаевдин Жапан өлкөсүнө иш сапары ийгиликтүү өткөнүн шейшембидеги “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана”, “Эркинтоо” гезиттери жазышты. Ушул эле басылмаларда Талас жана Ысыккөл дубандарынын телемарафону өткөрүлгөнү, алардан түшкөн каражат социалдык маселелерди чечүүгө жумшалары маалымдалган.

“Эркинтоо” гезитинин жаңы санында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын суу байлыктарын пайдалануу боюнча кыргыз-өзбек мамлекеттеринин ортосундагы мамиле жөнүндө кайрылуусу жарыяланды. Эгемендикке жетишкенден бери Өзбекстан Кыргызстандын гидротехникалык курулуштарды кармоого кеткен чыгымдарын, суу басып калган жерлердин маселесин биргелешип чечүү аракетин көрбөй, башта алган милдеттенмелерин аткарбай келатат.

Токтогул суу сактагычынын курулушу менен эле 32 миң гектир ашуун жер суу алдында калып, 30 миң ашуун калк башка жакка көчүрүлгөн. Союз мезгилинде курулган суу сактагычтардын убайын негизинен Өзбекстан менен Казакстан көрөт. Кыргызстан топтолгон суулардын 20% жетпеген гана өлчөмүн пайдаланат. Калганы коңшулардын пахта, шалы аянттарына кетет.

Кемпирабад суу сактагычын курууда 5022 гектир айдоо жер, 150 гектир короо-жай, 67 гектир балык чарбасынын жери суу алдында калды, миңдеген кишилер айла жок башка жерлерге көчүшкө мажбур болушту. Өзбекстан Кемпирабаддын сол жээгинде канал куруп берүү, Сох суу сактагычын куруу милдеттенмесин аткарган жок, деп маалымдалат кайрылууда.

Кийинки жылдары Өзбекстан Кыргызстанга келчү газды кычыраган суукта токтотуп койчу болду. Андайда Кыргызстанда сууну арбын коё берип, электр энергиясын көбүрөөк өндүрүшкө мажбур. Өзбекстан Анжиян суу сактагычын куруп Кыргызстандын көп жерин сууга бастырып жиберди.

Кыргызстандын Карадарыянын үстүнө салган көпүрө “Кыргызстандын балансында турганына карабастан, Өзбекстандын өкмөтү бул жерди “басып алды” деп жазышат кыргыз депутаттары. Парламент мүчөлөрү эки элдин ынтымагына доо кетирбей, достук мамилени иш менен бекемдөөгө чакырышкан.

Бишкектин көчөлөрүндө ушу тапта чоң автобустарды көрүүгө болбостугун шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазды. Шаардын көчөлөрүндө кичине автобустардан жол тийбейт.
XS
SM
MD
LG