Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

Быйыл күздөгү шайлоо Казакстан үчүн маанилүү сынак болот


Бул тууралуу Вашингтондо АКШ–Казакстан ишкер ассоциациясынын жыйынында сүйлөгөн учурунда Мамлекеттик катчынын орун басары Ричард Армитеж айтты. Ал белгилегендей, Казакстан экономикалык өсүш үчүн энергия ресурстарына гана таяна албайт. Өлкөнүн экономикалык жыргалчылыгы граждандык коомго да байланыштуу болмокчу. Ричард Армитеж казак бийликтери көз карандысыз маалымат каражаттарын, оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктоону улантып жатканы үчүн сынга алды, ага катар президент Назарбаевдин маалымат каражаттары жөнүндөгү жаңы мыйзамга вето коюушун кубаттады. Бирок Армитеждин сөзүнө караганда, күздөгү шайлоо Казакстан дүйнөлүк экономикага интеграцияланууну көздөөр-көздөбөсүн, АКШнын ишенимдүү жана чыныгы урматка арзыган стратегиялык өнөктөшүнө айланаар-айланбасын көргөзгөн маанилүү белги болмокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG