Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Ирактын утурумдук өкмөтү бийлик өткөрүлүүчү мезгилден эрте уюштурулушу мүмкүн


Президент Жорж Буш тарабынан АКШнын Ирактагы элчисинин кызматына көргөзүлгөн Жон Негропонте бул тууралуу Сенатта сүйлөгөн учурунда билдирди. Сенаттын тиешелүү комиссиясы учурда Жон Негропонтенин талапкерлигин кароодо. Анын айтымында, Ирактын утурумдук өкмөтү бийликти 1-июлдан тартып өткөрүп алыш үчүн мындан мурдараак, балким июнь айынын башында уюшулуп калат. Ирактын азырынча түзүлө элек өкмөтү бийликти АКШ баштаган копалициядан өткөрүп алмакчы. АКШ бийлик өткөрүлүп берилгенден кийин да Ирактагы аскерлерин жергиликтүү өкмөттөн көз карандысыз шартта кармоону пландоодо.

XS
SM
MD
LG