Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Брюсселде Евробиримдик менен Ливиянын сүйлөшүүлөрү өттү


Ливиянын президенти Муамар Каддафи Европага акыркы он беш жылдын ичинде алгачкы жолу келген эле. Ал Еврокомисиянын президенти Романо Проди менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйынында ишендиргендей, анын өлкөсү дүйнөдө тынчтыкка жетүү үчүн алдыңкы ролду ойноого умтулат:

- Дүйнөдө тынчтыкка жетүү үчүн Ливия алдыңкы ролду ойноого дилгир экенин мен бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Еврокомиссиянын алдында, менин бир тууганым, урматуу президент Романо Продинин катышуусунда жарыялагым келет.

М.Кадафи ошондой эле Ливия АКШнын жана Европанын компаниялары өлкөнүн мунай өнөр жайына инвестиция салышына кызыкдар экенин белгиледи. Ал эми Еврокомиссиянын президенти Проди Ливия массалык кыргын салуучу куралдардан баш тартуусун кубаттады. Бирок Продинин айтымында, Ливиянын Евробиримдик менен Жер ортолук деңиздин боюндагы өлкөлөрдүн өнөктөштүк жараянына кошулуу мүдөөсү ал Германия жана Болгария менен чатагын жөнгө салмайынча канааттандырылбайт. Германия 1986-жылы Берлинде болгон жарылуу үчүн Ливия компенсация төлөшү керек деп эсептейт. Ал эми Болгария Ливиянын түрмөсүндө отурган алты жаранын бошотууну көздөөдө. Алар жергиликтү балдарга СПИД дартынын вирусун жуктурган деген айып менен камалган.

XS
SM
MD
LG