Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

БУДАЛЫК АЙЫЛЫ КАРА КИЙДИ


Кожогелди Култегин, Ош-Будалык 26-апрелде Алай районундагы Будалык айылындагы жер көчкүдөн 33 адам каза тапты. Кырсык болгон жерге 27-апрелде мамлекет башчысы барып, кайгыга баткан элге жолугуп келди. Көчкүдөн аман калган 11 адам ошол 26-апрель күнү эле Гүлчөгө - Алай райондук борборлоштурулган ооруканага жеткирилген.

Будалыкта 33 адамдын сөөгү ошол жер көчкүнүн алдында калып кетти. Көчкү зымкарагайды кулатып, ток уруп андан дагы бир адам каза тапты. Ошентип баш-аягы апаат 34 адамдын өмүрүн кыйды. Айылды кайгы басты.

Мурда маалымдалгандай, Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин Бишкектен келген адиси - Лемешко деген адам кичине-кичине гана көчкү болот, чоң көчкү түшпөйт, кыштакка жетпейт деп ишендирген. Көчкүдөн атчан кутулуп кеткен Урайым Мамасадыковдун сөзү:

- Табигаттын кырсыгы экен, оор жоготуу болду. 1-2 жылдан бери арызданып жүрөбүз. Өткөндө 20 күн мурун Бишкектен орус келди, мен жок элем, уулум эки ат менен ээрчитип чыгышыптыр, көрүптүр. Аялыма айтыптыр "бул жерден коркпогула, ордунда калат, үйдү сала бергиле, отура бергиле" деп. Ошентип балдарымдын баары кыйрап калды. Мен атты минип, качып, кутулуп кеттим.

Эрик Исаков: - Бул бир эле биздин башыбызда эмес, кыргыздын баардыгынын башында бар. Салкын көз менен карагандай болсо, дагы канча кыргыз жердин астында калат.

"Бул жерде көчкү жүрбөйт" деп элди жооткотуп кеткен Лемешко деген адам ким? Бул суроо менен биз Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин орун басары Болот Айдаралиевге кайрылдык:

- Лемешко - мониторинг боюнча департаменттин башкармалыгында жетекчи болуп иштейт. Ал бул жерге келгенде абалды толугу менен карап чыккан да. Чынын айтканда, бул - күтүлбөгөн жерден болгон окуя.

Кырсык болгон жерге 27-апрелде президент Аскар Акаев менен бирге Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, өкмөт башчысы Николай Танаев жана бир катар министрлер, депутаттар, облус губернаторлору барышты. Президент элге-журтка кайрат сөзүн айтты:

- Биз дагы сиздер менен бирге сиздердин кайгы-капаңыздарды бөлүштүк. Бул - баардыгыбыздын башыбызга түшкөн кайгылуу иш. Эми ата-бабабыздын салты боюнча мындай кайгылуу учурларда эң биринчи кайратты, сабырдуулукту таанытып, шейит кеткендердин, курман болгондордун тууган-туушкандарына көңүл айтып, кайрат айтабыз.

Мындан сырткары Аскар Акаев жабыр тарткандарга президенттик фонддон 500 миң сом акча алып келип тапшырды.

Будалыктагы жер көчкүдөн жеңил жаракат алган эки тургун амбулаториялык дарыланууга чектелген. Учурда 9 адам оорукананын стационардык бөлүмүндө, бирөө реанимацияда жатат. Табигат апаатынан жабырлангандардын ооруканага келип түшүшү жана кабыл алынышы тууралуу Алай райондук борборлоштурулган оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Талас Турганбаев мындай кеп салды:

- Жолдон машина тосушуп, төртөөнү алып келишти, экөөнүн абалы оор экен. Бардыгына жардам бере баштадык. Бир бала башынан жаракат алып келген, азыркы мезгилде реанимацияда дарыланып жатат. Баланын аты Эшеналы уулу Темирбек, 2000-жылы туулган. Андан кийин "Тез жардам" менен калган оорулууларды да алып келишти. Бул абалды уккандан кийин облустук бириккен ооруканын дарыгерлеринин 8 адиси келип, акыбалдарын көрүшүп, дарылап жатабыз. Бир кыздын колу сынган. Анын колун рентгенге салып, сөөктүн сыныгын түстөп, гипс койдук.

Ошол колу сынган, тогуз жашар Айгерим Аблазова деген кыз өзү менен бирге ойноп жаткан алты жашар Айжамал аттуу кыздын өмүрүн сактап калган. Буга таңгалбаган, ыраазы болбогон киши жок. Колу гана сыртка чыгып, думугуп жаткан Айжамалдын бети-башын топурактан тазалап, ачып ийген Айгеримге микрофон сундук:

- Ойноп атсак көчкү жүрүп кетти. Айжамалдын колун темир басып калган экен. Бетин, башын топодон тазаладым. Жоомарт аке сууруп алды.

Ар ким жан айласын таппай качып жүргөн шартта аярлап адам өмүрүн сактап калган кичинекей Айгеримдин чоң эрдигин эми коомчулук кандай баалап, кандай сыйлаар экен, же билмексен болуп эске албай коёбу.

Ооруканада онтоп жаткан Сырга Рысбаева көчкү алдында калган үйдөн сууруп чыгарылган:

- Үйдө отурсак апам сырттан кыйкырып калды. Эшикке чыксак "качкыла" деп айтты. Бир маалда мен түшүп кеттим. Апамдын добушун угуп калып: "апа, апа" деп көчкүнүн алдынан кыйкырсам, чыгарып алышты.

Ал эми Токеева Миргүлдүн эстегендери төмөндөгүдөй:

- Атам айтып калды "качкыла" деп. Качып келатсак аркабыздан көчкү жете келди. Мен жетишпей калдым, жыгылганда агам экөөбүздү электрдин зымдарынан ток тартып кетти. Буту-колум иштебей калды. Атам куткарып калды.

Медицина кызматкерлери Будалык кыштагында да буту-бутуна тийбей жүгүрүп иштеп жүрүшөт. Үйлөрү көчкү астында калып, үй-бүлөлөрүнөн ажырагандар медициналык пунктта жайгаштырылган. Кайгы касиретинде калгандарга да ошол жерде медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Сөз медициналык штабдын башчысы, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиевде:

- "Тез жардам" машинелери келип, ошону менен бирге эки бригада иштеп жатат. Келип азыр 16 адамга амбулатордук түрдө жардам көрсөтүп атат. Көбүнчө бул бир бүлөдөн жалгыз калган адамдар. Экинчиден, кан басымдары көтөрүлүп, жүрөгү ооругандар. Түшүнсө болот кырсык деген кыйын. Дары-дармектер жетиштүү.

Будалыкта санитардык эпидемиологиялык дарыгерлердин жүргөндүгүн Гүлжигит Алиев мындайча түшүндүрдү:

- Санитардык эпидемиологиялык иштерди да жүргүзүшүбүз керек. Себеби мындай жерлерде жугуштуу оорулардын болуп кетиши мүмкүн. Анткени бул жерде дааратканалар көчкүнүн астында калды.

XS
SM
MD
LG