Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

КАДДАФИ ЕВРОПАДА


Ливиянын лидери Муамар Каддафи Брюсселде эки күндүк визитин карытып жатат.Шейшемби күнү ал Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү,ал эми кечинде Бельгиянын премьер-министри Ги Верхофстадттын сыяпатын көрдү.Каддафинин Европадагы сапарын байкоочулар жалпысынан жакшы апазда баалашты,ошол эле учурда Ливияны эл аралык камоолдон толук чыкты деп айтканга азырынча эртелик кылат дешет.

Полковник Муамар Каддафи соңку он беш жылдан бери Европага бут баса элек болчу. Брюсселде, Еврокомиссиянын имаратында аны жабалактаган эки жамаат тосуп алды. Бир тарабы полковниктин портреттерин көтөрүп турушса,экинчи жааттагылар ага акаарат айткан плакаттарды булгалап, ”Каддафи – кой терисин жамынган бөрү!” – деп кыйкырып,бөркү казанбактай болуп жатты. Полковникке куйкасы курушкандардын бири бу визитке нааразылык билдирип, көңкү дүйнөгө Каддафи диктатор катары таанылганын, Ливияда канча бир адамдын канына забын болгонун, Евросоюз болсо аны кадырман адамдан бетер визитке чакырып, сый-урмат менен тосуп отурганын айтып буркулдады.

Каддафи өзү болсо Брюсселге Африка менен Европага данакер болууну көздөп келгенин айтты. Ошол эле күнү Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, биргелешкен пресс-конференцияда бир кезде үчүнчү дүйнө өлкөлөрү менен Африкадагы боштондук кыймылын баштаган Ливия эми бүткүл дүйнөдөгү тынчтык кыймылын жетектөөнү чечкендигин билдирди. Бул багыттагы биринчи кадам катары ал жамахирияттын массалык кыргын куралдар программасынан баш тартканын атады жана АКШдан тартып Кытайга чейинки бардык өлкөлөрдү бу жагынан Ливиядан үлгү алганга чакырды.

Еврокомиссиянын төрагасы Проди өз кезегинде Ливиянын бейпилдикке,баракатчылыкка жана жайкын өнүгүүгө умтулганын кубаттап, Евросоюз бу жагынан жамахирият менен ийиндеше иштегенге даяр экенин ырастады.

Каддафинин режими бир катар иштер,анын ичинде америкалык жана франциялык авиакомпаниялардын самолетторун жүргүнчүлөрү менен жардырып жибергени үчүн айыпталып, эл аралык санкцияларга кабылган. Былтыртан тартып Триполи аталган окуяларга катышы барлыгын кыялый түрдө моюнга алып, курман болгондордун кунун төлөп бергенге макул болду. Андан соң массалык кыргын куралдар программасынан баш тартты. Ушундан соң Ливия менен Батыштын ымаласы жылымтыктай баштады.

Триполи ООНдун, кийинчерээк Вашингтондун айрым санкцияларынан арылды. Ливияда британ премьери Тони Блэр визит менен болуп келди. Кошмо Штаттары эми Ливияны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарып салганга убада берүүдө. Бирок бул, лондондук эксперт Ричард Ривенин баамында, ноябрдагы президенттик шайлоого чейин болору күмөн. Батыш менен Ливиянын мамилелери толук оролуна келиши үчүн Каддафинин убадасы эмес, иш жүзүндөгү кадамдары зарыл болот.

Деген менен Каддафи бул жолку визитинде Ливия жамахириясын Барселона процессине – жерортолук деңизи алабындагы бир нече мамлекеттердин уюмуна – мүчө кылуу мүдөөсү менен келген эле.

Полковниктин мураты жакын аралыкта кабыл боло койбосо да ал Брюсселдеги визити менен бул жолдо чечүүчү кадам жасады. Байкоочулардын жалпы баасы азырынча ушундай.
XS
SM
MD
LG