Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

29-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 29-апрелде Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаашы ыктымал.

ТАЛАС облусунда абанын температурасы түнкүсүн 0…+5 градус, айрым жерлерде 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +5…+10 градус жылуу.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН өрөөндөрүндө түнкүсүн +3…+8 градус жылуу, күндүз +13 градустан +18 градуска чейин жылыйт.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0…+5 градус, кээ бир жерлерде 0…-2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.Күндүз +5…+10 градус жылуу болот.
НАРЫНДА түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12 градус жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13 градус жылуу.
Борборубуз БИШКЕКТЕ жаан-чачын күтүлбөйт. Ала булут каптап, батыш тараптан сыдырым жел жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +10…+12 градус жылуу.

Жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.
Аба ырайы тууралуу маалыматты Алина Кангелдиева даярдады.

Редактор - Кубат Оторбаев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG