Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Баткенде мугалимдер мектепти таштап кетип жатышат


БАТКЕН. Баткен облусунда мектепти таштап кетип жаткан мугалимдердин саны күн санап көбөйүүдө. Облустук билим берүү башкармалыганан 28-апрелде алынган маалыматка караганда, жаңы окуу жылы башталгандан бери облус боюнча 414 мугалим мектепти таштап кеткен. Алардын мектептен кетүүсүнүн негизги себеби эмгек акынын өтө эле аздыгы. Ушундан улам мугалимдердин көпчүлүгү жумуш
издеп, Орусиянын шаарларына жана көбүрөөк маяна төлөнчү башка тармактарга кетип жатышат. Мектептен кеткен мугалимдердин саны өзгөчө Баткен жана Кадамжай райондорунда көп. Маселен,
өткөн жылдын 1-сентябрынан быйылкы жылдын 15-апрелине дейре Баткен районунда 142, ал эми Кадамжай районунда 117 мугалим мектептен кеткен. Бул ансыз деле мугалимдер жетишпей келген мектептердеги абалды кыйындатууда. Быйылкы окуу жылынын башында облустун мектептеринде 253 мугалим жеткен эмес.

XS
SM
MD
LG