Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Европа банкы Кыргызстандагы долбоорлорун кеңейтет


БИШКЕК. Ушул жылдан тарта Европа өнүгүү банкы КМШдагы жакыр жети мамлекет, анын ичинде Кыргызстанда өз долбоорлорун ишке ашыра баштайт. Мындай маалыматты бүгүн вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын билдирүүсүнө караганда, бул тууралуу Евробанктын төрагасы Жан Лемьер банк башкармалыгынын Лондондо өткөн жыйынында кабарлап, банк кызматташууну эми Чыгыш Европа менен КМШдагы жакыр мамлекеттерге бураарын билдирген. Евробанк өткөн жылы микрокредиттерди берүү жана банктарга салым кошуу боюнча Кыргызстанда 6 миллион долларлык долбоорун ишке ашырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG