Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

«Митинг, жүрүш жөнүндөгү» мыйзамды оңдоо зарыл


БИШКЕК. Бүгүн «Митинг, жүрүш, демонстрацияларды өткөрүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоого арналган «тегерек стол» жыйыны болду. Ага АКШнын Улуттук демократия институтунун, «Фридом хауз» эл аралык уюмунун, Кыргызстандагы саясий партия, бейөкмөт уюмдардын, өкмөттүн өкүлдөрү жана депутаттар катышты. Анда аталган мыйзамдын бири-бирине карама-каршы келген беренелерин Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтыруу жана митинг, жүрүш, демонстрацияларга катышкан атуулдардын укугунун сакталышына негиз бере турган жаңы беренелерди киргизүү маселеси талкууланды. Мыйзам долбоорун депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Оксана Малеванная иштеп чыккан жана ага мыйзамдагы бир топ беренелердин бири-бирине карама-каршы келгендиги түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG