Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Ж.Оторбаев: «Кыргызстанда инвестиция тартууга жакшы шарт түзүлдү»


БИШКЕК. 2003-жылы Кыргызстанга 146 миллион долларлык чет элдик түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу бүгүн экономика боюнча вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында Улуттук статистикалык комитет өткөн жылда тартылган инвестициянын көлөмүн аныктап, анын көлөмү былтыр 2002-жылга салыштырмалуу 27 процентке өскөндүгүн жарыялаган. «Аталган көрсөткүч акыркы үч жылдын ичинде инвестициянын көлөмү 65 процентке өскөндүгүн билдирет»,-дейт Жоомарт Оторбаев. Ал келечекте тышкы түз инвестициянын жылдык көлөмүн 300 миллион долларга жеткирүү милдети алдыда тургандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG