Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Тышкы инвестиция тартуучу атайын орган керекпи?


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «ЮНИДОнун инвестицияларын тартуу программалары» аттуу «Тегерек стол» жыйыны болду. Анда чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн атайын агенттикти түзүү жана аны каржылоонун жолдору талкууланды. Андан тышкары тышкы инвестицияларды тартуу боюнча министрлик, мекеме, уюмдардын ишкердүүлүгүн иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланып, ал Кыргызстанда инвестиция тартуу үчүн атайын агенттик түзүү зарылдыгын көрсөттү деген ой айтылды. «Инвестиициялык тегерек стол» аттуу коомдук бирикменин аткаруучу администратору Рафхат Хасановдун айтымында, Кыргызстанда тышкы инвестицияларды тартуу боюнча илимий негизде, системалуу жүргүзүлгөн аракет жетишсиз. Ал эми Экономикалык өнүгүү министрининин милдетин аткаруучу Амангелди Муралиев мындай функция өзү жетектеген министрликке берилген менен ал кеңеш берүүчү укукка гана ээ экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG