Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

«Алга, Кыргызстан» партиясы бийликти сактап калууга аракеттенип жатабы?


БИШКЕК. Бүгүн «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» коомдук-саясий кыймылы президент Аскар Акаевге жана жалпы элге кайрылуу жолдоду. Анда президенттин ушул жылдын башында өлкө аймактарын кыдырып жүрүп, эмдиги жылы боло турган президенттик жана парламенттик шайлоого даярдык көрүүнү сынга алганына карабай айрым саясий партиялар, мамлекеттик мекемелер менен алардын кызматкерлеринин шайлоого тымызын даярдык көрө баштаганына сергек мамиле кылууга чакырды. Ага «Алга, Кыргызстан» саясий партиясынын «Бай улут - күчтүү Кыргызстан» деген программасынын алкагында жүргүзүп жаткан иштерин мисалга тартып, партия ага каражатты кайдан алды деген суроо койду. Кыймыл партиянын жогорудагыдай аракеттери министрлер менен жергиликтүү элди жер көчкүлөрдүн алдын алуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү аракеттеринен алагды кылып, бир гана азыркы бийликти сактап калуу жолдору менен алек болууга үндөп жаткандыгын жарыя кылды. Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев андай кат тууралуу маалымат түшө электигин билдирди.

XS
SM
MD
LG