БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев эл аралык уюмдардын өлкөдөгү өкүлдөрү менен жолугушуп, алардан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга көмөктөшүүнү өтүндү. Анын айтымында, Кыргызстанды азыр табигый кырсыктын үч түрү: жер көчкү, сел жана жер астынан көтөрүлгөн суу коркунучка кептелтип турат. Ушундан улам 1 947 үй-бүлөнү тезинен башка жерге көчүрүү керек. Андан тышкары Ош облусунун бир топ райондору кыртышы нөшөргө туруштук бере албаган жерлерде жайгашкан. Коркунучтуу жерлерден тургундарды көчүрүү үчүн кеминде 1 миллиард сом, ал эми жер астынан чыккан сууну азайтуу үчүн 10 миллиард сом зарыл. Мындай суммадагы акча мамлекеттин бюджетинде жок экендигин билдирген өкмөт башчы чет өлкөлөрдү жардам берүүгө чакырды.