Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ БАЙ ӨЛКӨЛӨР ЖАНА АДАМДАР


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы апталарда бир нече эл аралык басылма дүйнөдөгү эң бай өлкө жана адамдардын ар башка тизмелерин жарыялады. Дүйнөлүк банк келтирген маалыматка караганда, киши башына туура келген байлык боюнча Кыргызстан дүйнөдө 181-орунда турат.

Дүйнөлүк банктын пикиринде, кайсы бир өлкөдө өндүрүлгөн байлыкты анын калкынын санына бөлүш керек, ошондо гана чыныгы экономикалык абал чагылдырылат. Мындай ыкма менен киши башына эсептелген байлык боюнча 2002-жылы дүйнөдөгү биринчи орунга Бермуда мамлекети чыккан, анткени анын салык системасы жеңил болгондуктан, көптөгөн өлкөнүн ишканалары ушул мамлекетте катталган. 2003-жыл үчүн мааламыттар дагы чогултулуп бүтө элек. Анткен менен Бермуданын аймагында катталган ишканалар жылына канча байлык өндүргөнү баары бир так белгисиз.

Орто эсеп менен алганда дүйнөдө 2002-жылы адам башына 5120 доллар байлык өндүрүлгөн, экинчи орунга чыккан Люксембургда андай байлык 39 миң 470 долларга жеткен, үчүнчү менен төртүнчү орунга 38 миң 730 жана 36 миң 170 доллар менен Норвегия жана Швейцария чыккан. Америка Кошмо Штаттары менен Жапания 35 миң 400 жана 34 миң 10 доллар менен алтынчы жана жетинчи орунга коюлган, ал эми Улуу Британия 25 миң 510 доллар менен Дания жана Исландиядан артта калып, он үчүнчү гана орунга жеткен.

Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен эң жогорку көрсөткүчкө Эстония жетишкен - бул өлкөдө 2002-жылы киши башына 4 миң 190 долларга тете байлык өндүрүлгөн жана дүйнөдө ал 75-орунга коюлган. Орусиянын көрсөткүчү 2 миң 130 доллар, ал дүйнөдө 99-орунда, 1520 доллар менен Казакстан 117-орунда, 1360 доллар менен Беларус 124-орунга келген. Бир кезде СССРдин курамына кирген жумурияттардын калгандары киши башына бир жылда бир миң доллардан ашык өндүрө алган эмес. Армениянын көрсөткүчү 960 доллар жана ал 144-орунда, 780 доллар менен Украина жүз кырк бешинчи, 710 доллар менен Азербайжан жүз кырк алтынчы, 650 доллар менен Грузия бир жүз элүү биринчи, 460 доллар менен Молдова жүз алтымыш төртүнчү жана киши башына 290 доллар өндүргөн Кыргызстан 181-орунга коюлган. Калган жумурияттар боюнча маалымат жок, Бириккен Улуттар Уюмуна болсо 192 өлкө кирет.

Дүйнөлүк банк менен кошо иштешкен Дүйнөлүк өнүгүү боюнча борбордун пикиринде болсо, бай өлкөлөргө өзүнчө да баа бериш керек жана аларда өндүрүлгөн байлык менен кошо, кедей өлкөлөргө көрсөтүлгөн жардамдын көлөмүн дагы эсепке алуу зарыл. Ошондо дагы өнүкпөгөн өлкөлөргө көмөк көрсөтүү боюнча коюлган талап, мисал үчүн, Данияга караганда, Жапанияга карата алда канча жогору болууга тийиш. Мындай өзгөрүү менен саналган көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдөгү биринчи жана экинчи орунга Нидерланд менен Дания чыккан, ал эми Жапания өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен акыркы орунда калган.

Эң бай адамдар боюнча болсо ар башка басылманын маалыматы ар башка. Америкалык "Форбс" журналынын жазышынча, дүйнөдөгү эң бай адам азыр, мурдагыдай эле, - "Майкрософт" аттуу компьютердик компаниянын негиздөөчүчү Билл Гейтс, анын байлыгы 47 миллиард доллар. Бирок швециялык "Веканс аффарер" деген журналдын баамында, "ИКЕА" фирмасын негиздеген Ингвар Кампраддын байлыгы азыр 51 миллиард 700 миллион долларга жетти жана биринчи орунга швециялык Кампрад коюлууга тийиш. "Форбстун" маалыматы боюнча болсо Кампраддын байлыгы 18 жарым миллард доллар жана ал "Форбстун" тизмесинде он үчүнчү гана орунда.

XS
SM
MD
LG