Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 12:49

ЕККУ антисемитизм боюнча конференция уюштурду


БЕРЛИН. Бүгүн Берлинде антисемитизм боюнча эл аралык конференция ишин улайт. Конференцияны кечээ Германиянын президенти Йоханес Рау ачып, анда антисемиттик маанайдын өсүп баратканын белгилеп, бардык башка мамлекеттердин саясаты сыяктуу эле Израилдин саясатын сындоодо да айырманы билүү керектигин белгиледи. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун демилгеси менен өтүп жаткан бул конференцияга 55 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Алардын катарында АКШнын мамлекет катчысы Колин Пауэл да бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG